Карьер (французча carrière – таш чагылуучу жай ) – ар кандай кенди жер үстүнөн ачык казып алуучу тоо-кен өнөр жайынын ишканасы; кен казып алынуучу жер. Таш казылып алынган алгачкы ири карьерлер Байыркы Египетте (пирамида жана храм комплекстерин курууда) пайда болгон. Кийинчерээк, антикалык доордо мрамор Карьерде казылып турган. 2000-жылы курулуш материалдардын 95%и, темир кен ташынын 90%и, күрөң жана таш кө…