Каолин (Кытайдагы фарфор чопосу орун алган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен каолинит минералынан турган чопо сыяктуу тоо-тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө майда талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жылуу, субтропиктик шартта талаа шпатынын химиялык жол менен эзилип, ээришинен пайда болот. Мында курамында талаа шпаты бар гранит, габ…